Карабах жаңжалы

Карабах жаңжалы (1988) – Азербайжан менен Армениянын ортосундагы куралдуу чатак. Азербайжандын курамына кирген Тоолуу Карабах АОнун калкынын көбүн армян улуту түзгөндүктөн, Арменияга биригүү үчүн алардын массалык кыймылы башталган. 1988-жылы 20-февралда облустук кеңештин сессиясынын кабыл алган чечиминен соң, 17-мартта Степанакертте Арменияга биригүү жөнүндө армян элинин массалык демонстрациясы (75000 адам катышкан) болгон. 1988-жылы 15-июнда Армениянын курамына Тоолуу Карабахты кошуу жөнүндө Армян ССР Жогорку Советинин сессиясынын чечимин үч күндөн кийин Азербайжан ССР Жогорку Совети жараксыз деп тапкан. Ал чечимге каршы чыккан Тоолуу Карабах обл. совети 12-июлда облусту Азербайжандын курамынан чыгаруу жана Арменияга бириктирүү жөнүндө жарыя кылган. 18-июлда СССР Жогорку Советинин Президиуму бул чечимди жокко чыгарган. Мындай тирешүүлөр Тоолуу Карабахтын ар кайсы райондорунда армян жана азербайжан улуттарынын ортосунда кандуу кагылышууларга алып келген. Азербайжан менен Армения Тоолуу Карабах Республикасынын статусун чечүү боюнча иш жүргүзүүдө.

Колдонулган адабияттар