"Оскар" сыйлыгы

Америка киноматография искусствосу жана илимдери академиясынын сыйлыгы (англ. Academy Awards, түз мааниде — «Академиянын сыйлыгы»), 1940-жылдан бери «Оскар» аталышы менен белгилүү (англ. Oscar)[1], — америкалык киносыйлык, 1929-жылы түзүлгөн жана жыл сайын киножаратуучуларга, алардын көркөм өнөргө кошкон салымы үчүн берилет. Сыйлоо аземи жыл сайын Лос-Анжелесте, «Долби» театрында өткөрүлөт жана дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө түз эфирде көргөзүлөт.

Оскар
англ. Academy Awards
Өлкө

 АКШ

Сыйлык

Кинофильмдерди жаратууда, көркөм өнөргө кошкон салымы үчүн берилет.

Уюштуруучусу

A.M.P.A.S.

Негизделгени

1929

Акыркы ээси

2023

Сайты

oscars.org

Америкалык киностудия «Metro-Goldwyn-Mayer»дин ээси Луис Барт Майер тарабынан 1929-жылы тасма тартууда ийгиликтерди жаратып, АКШнын кинематографиясына чоң салып кошуп, анын өсүшүнө өбөлгө болгондорго тапшыруу үчүн ойлонуп табылган. Азыркы убакта да ишин алып барып жаткан эң эски киносыйлыктардын бири.

Тапшыруу жана шайлоо эрежелери бир нече жолу өзгөргөн. Женүүчүлөрдү тандоо жобосу дагы көп ирээт сынга алынган болсо, Академиянын мүчөлөрүнө коррупция күнөөсү да коюлган  — буга карабастан, «Оскар» дүйнөдө эң маанилүү жана кадырлуу киносыйлык болуп эсептелет[2].

Жаралуу тарыхы

Тарых алдында: Академиянын түзүлүшү

АКШда биринчи киноакадемия ачуу идеясы күчтүү киностудия Metro-Goldwyn-Mayerдин ээси Луис Б. Майерге 1926-жылдын ноябрь айында келген[3]. Академияны түзүүгө «Киностудиялардын негизги макулдашуусун» маанилүү 9 кинокомпания жана 5 союз кол койгондугу жана Американын киноиндустриясы бир союзга бириккендиги себеп болду. Бирок бул макулдашуу техникалык жумушчуларга гана тиешелүү болгон, ал эми режиссёрлор, сценаристтер, актёрлор стандарттык макулдашууну сактоого мажбур эле.

Монтажёрлор, композиторлор, сүрөтчү-уюштуруучулар жана башка ишкерлер өзүлөрүнүн гильдияларын түзгөнгө чейин, Майер ишке киришүүнү чечкен жана 1926-жылдын декабрь айында бул тармактын лидерлери: актёр Конрад Найджел, режиссёр Фред Нибло жана АКШнын кинопродюсерлеринин ассоциациясынын жетекчиси Фред Битсон. Булар ,ар кандай эмгек тартышууларында ортомчу боло турган жана киноэкрандагы талаштуу контентти контролдогон Хейстин офисинин жардамы менен Голливуддун дүйнөдөгү репутациясын жогорулата турган организацияны түзүүнү көздөшкөн.

Кесипештеринин колдоосу менен Майер келечектеги организациянын мүчөлөрүн тандоодо өзү баш болуп турган. 1927-жылдын 11-январында ал, кинотармактын 36 лидерин «Амбассадор» конок үйүнө чакырган. Майер Академияга «Эл аралык» наамын берүүнү жана анын составына көркөм өнөргө жана кинотартууга салым кошкон көрүнүктүү инсанларды гана кабул алууну сунуштаган. Ошого карабастан, анын адвокаттары ассоциациянын аталышынан "Эл аралык" сөзүн алып салууну сунушташкан. Көп өтпөй Академия расмий түрдө «Кинематография искусствосу жана илимдери академиясы» атын алган.

1927-жылдын 27 январында Академия легалдуу корпорация боло алган. Бул, Калифорния штаты ага коммерциялык эмес статусун бергенинде гана мүмкүн болду. Ошондо Академиянын биринчи мүчөлөрү тарабынан кызмат адамдары шайланган: актёр Дуглас Фэрбенкс президенти, сценарист Фрэнк Вудс — катчысы болуп дайындалышкан. Өзүнүн киностудиясынын эсебинен Майер 300 адамг «Билтмор» конок үйүндө кече уюштурган эле. Ал жакта Академиянын жаңы президенти Фэрбенкс узун сөз сүйлөп, өзгөчө киноэкран жана көрүүчүлөр коркунучтуу цензуранын алдында турат деп белгилеген.


Негизги номинациялар

Азыркы учурда «Оскар» негизги 24 номинация боюнча берилет:

НоминацияАнглисче аталышыКайсы жылдан бери берилет
Эң мыкты тасмаBest (Motion) Picture1929
Эң мыкты режиссёрBest Director1929
Эң мыкты эркек ролуBest Actor in a Leading Role1929
Эң мыкты экинчи пландагы эркек ролуBest Actor in a Supporting Role1937
Эң мыкты аял ролуBest Actress in a Leading Role1929
Эң мыкты экинчи пландагы аял ролуBest Actress in a Supporting Role1937
Эң оригиналдуу сценарийBest Original Screenplay1941
Эң мыкты ыңгайлаштырылгансценарийBest Adapted Screenplay1929
Эң мыкты толук метраждуу анимациялык тасмаBest Animated Feature2002
Эң мыкты музыкаBest Original Score1935
Эң мыкты ырBest Original Song1935
Эң мыкты чет тилдеги тасмаBest Foreign Language Film1957
НоминацияАнглисче аталышыКайсы жылдан бери берилет
Эң мыкты сүрөтчү-коюучунун ишиBest Production Design1929
Эң мыкты оператордун ишиBest Cinematography1929
Эң мыкты үнBest Sound Mixing1930
Эң мыкты кыска метраждуу анимациялык тасмаBest Animated Short Film1932
Эң мыкты кыска метраждуу көркөм тасмаBest Live Action Short Film1932
Эң мыкты монтажBest Film Editing1935
Эң мыкты визуалдык эффектилерBest Visual Effects1940
Эң мыкты толук метраждуу документалдык тасмаBest Documentary Feature1943
Эң мыкты кыска метраждуу документалдык тасмаBest Documentary Short Subject1943
Эң мыкты костюмдардын дизайныBest Costume Design1949
Эң мыкты үн монтажыBest Sound Editing1964
Эң мыкты гримBest Makeup1982

Колдонулган адабияттар

  • Эмануэль Леви. All About Oscar: The History and Politics of the Academy Awards. — The Continuum International Publishing Group, 2003
  • Lundén E. C. Fashion on the Red Carpet A History of the Oscars®, Fashion and Globalisatio: Edinburgh University Press, 2021. — 272 p. — ISBN 978-1-4744-6180-1.

Булактар

Тышкы шилтемелер