Атакама
Атакама - Чилинин түндүгүндөгү чөл. Тынч океанды жээктей 22-27° түштүк кеңдиктеринин аралыгында жайгашкан. 22°түштүк кеңдиктен түндүктө Тамаругаль деп аталат. Атакама чөлүнүн пайда болушу, анын субтропиктик антициклондун чыгыш бөлүгүндө жайгашкандыгына байланыштуу. Климаты тропиктик, пассаттык, перу муздак агымынын таасиринен салыштырмалуу салкын. Жылдык жаан-чачыны 50 ммден аз (материктин эң кургакчыл жери). Атакама аркылуу Лоа дарыясы агат. Негизинен кум ж-а шор топурактуу; сейрек бадал ж-а кактус өсөт. Натрий ж-а калий селитрасы, йод, кайнатма туз, жез (Чукикамата, Эль-Сальвадор ж. б.) кендери бар. Атакама индейлер тилинде - «чөлдүү жер» дегенди билдирет.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxАлыкул ОсмоновАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичТоктогул СатылгановКубатбек ЖусубалиевБашкы баракКыргызстанМанас эпосуКожожашАтайын:SearchКокон хандыгыЧүй облусуОш облусуАнатай ӨмүркановЭкономикаЭтишКитепКыргыз автономиялуу облусуИсхак РаззаковЫсык-КөлМанасМакал лакапАт — адамдын канатыТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыЖыл сүрүү жадыбалыАт атоочКурманжан ДаткаЖалал-Абад облусуИнтернетБаткен облусуМеталлТалас облусуАпрель революциясыАзияСын атоочИбраев, ЭсенгулСынган кылыч