Футбол боюнча Еврорпа чемпионаты 2016 (кыск. «Евро-2016») — 15-жолу УЕФА тарабынан уюштурулуп жаткан футбол боюнча Европа биринчилиги. Бул турнир 2016 жылдын 10 июндан тартып, 10 июлга чейин өткөрүлөт[1]. 2008 жылы сентябрь айында УЕФАнын аткаруу комитети Евро-2016да биринчи жолу 24 команда ойноору тууралуу токтом чыгарган. 2010 жылдын 28 май күнү Женевада турнирди өткөрө турчу мамлекет аныкталган, ал — Франция (үчүнчү жолу).
Футбол боюнча Европа чемпионаты 2016 англ.UEFA Euro 2016 фр.Championnat d'Europe de football 2016'
Негизги макала: Футбол боюнча Европа чемпионаты 2016 өткөрүүчүлөрдү тандоо
Заявкалар
Италия — Европа чемпионатын 2 жолу кабыл алган (1968, 1980).
Түркия — мурда Европа чемпионатын кабыл алган эмес.
Франция — Европа чемпионатын 2 жолу кабыл алган (1960, 1984).
Алынган заявкалар
Норвегия жана Швеция — Швеция Футбол боюнча 1992 жылы өткөн Европа чемпионатын кабыл алган; заявка өкмөт тарабынан колдоо таппагандыктан 2009 жылы декабрь айында жокко чыгарылган.
Шотландия жана Уэльс — мурда еврорпа чемпионатын кабыл алышкан эмес; өзүлөрүнүн кандидатурасын финасылык кризистен улам алып салышкан.
Ирландия — мурда Европа чемпионатын кабыл алган эмес; Шотландия менен ийгиликсиз сүйлөшүүлөрдөн улам, заявкасын артка чакыртып алган.
Орусия — мурда Европа чемпионатын кабыл алган эмес; 2009 жылдын декабрь айында Батыш Европада эки турнирди катары менен өткөрүүгө мүмкүн эместигинен улам, баш тарткан (Орусия 2018 жылы өтө турчу футбол боюнча дүйнө чемпионатын кабыл алмакчы)
Добуш берүү
Добуш берүүдө УЕФАнын Аткаруу Комитетинин 13 мүчөсү катышкан. Биринчи раундда ар бир добуш берүүчү 3 өлкөнү катары менен коюшу керек. биринчи коюлган өлкө 5 балл, экинчи коюлганы 2 балл, ал эми үчүнчү тизилген өлкө 1 балл алышкан. Биринчи раунддун жыйынтыгы боюнча эң аз упай топтогон өлкө (Италия) жарыштан чыккан. Экинчи раундда Чемпионатты өткөрө турган өлкө добуштардын көпчүлүгү боюнча аныкталган.[2].
Бул турнирде оюндарды кабыл алчу стадиондор ар кайсы жылдары Европанын жана дүйнө биринчиликтерин кабыл алып келишкен. Алардын катарында 1938 жана 1998 жылдары өткөн дүйнө чемпионаттары, 1960 жана 1984 жылдардагы Европа чемпионаттары, жана Конфедерациялар кубогу 2003 да бар.
Каытшуучулардын санын 16дан 24кө чейин көбөйтүү үчүн, финалдык турнирге дагы ар биринде 4 командадан болгон 2 кошумча тайпа жана дагы бир плей-офф стадиясын (1/8 финал) кошуу тууралуу чечим чыккан. Плей-оффко өз тайпаларынан биринчи жана экинчи орунга ээ болгон командалар, жана дагы 3-орунга ээ болгон дагы 4 команда (3-орундагы командалар тайпа ичинде чогулткан упайлары боюнча аныкталат) чыгат.
Чучукулак Парижде 2015 жылы 12 декабрда саат 18:00 болгон.
Командалар төрт себетке чачыратылган:
Себет 1: тандап алуу циклден 5 команда, учурдагы Европа чемпиондору Испания курама командасын кошкондо.
Себет 2, 3 жана 4: ар биринде алтыдан команда
Франция курама командасы эч бир себетте болгон эмес, анткени ал чемпионатты кабыл алып жаткаандыгы үчүн автоматтык түрдө А тайпасынан биринчи позиция берилген.
Чучукулактын жыйынтыгы боюнча финалдык стадиянын катышуучулары алты квартетке бөлүнүшкөн (Aдан Fке чейин), ал тайпалардан плей-оффко эң күчтүү делген эки курама жана үчүнчү орун алышкан төрт курама өтмөкчү.
Евро 2016 билеттерин бир нече этаптардан алууга болот [26]:
2015 жылдын 10 июндан 10 июлга чейин: бул этаптын алкагында, бир миллион билет даяр болгон. Андан кийин билеттик чучукулак уюштурулуп, анын нгегизинде талапкерлер өзүнүн билдирүүсү тууралуу кулактандырууларпды алышкан;
2015 декабрь айынан тартып 2016 жылдын январь айына чейин: билеттердин негизги массасын ойнотууга заявкаларды таштоо башталган;
2016 жыл, февраль: мурда заявка бергендерге билеттерди таратып берүү иштери жүргөн (2015 жылдын 14 декабрынан тартып 2016 жылдын 1 февраль күнүнө чейин заявка бергендерге);
2016 жыл, март айы: мурдагы этаптардан уткан билеттерди алып сатуу боюнча официалдуу порталдын ачылышы;
2016 жыл, айпрель-май айлары: билеттерди почта аркылуу жеткирип берүү иштери жүргөн.