19 ноябрь

ОктябрьНоябрьДекабрь
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930 

19-ноябрь — жылдын 323-чү күнү (толук жылда 324-чи күн), Григорий календары боюнча жылдын аягына чейин 42 күн бар.

Майрамдар

Эл аралык

Улуттук

  • Калып:Өлкө желеги/Белорусь,  Орусия,  Казакстан[1] — Ракета асекрлеринин жана артиллеристтердин күнү.

Окуялар

Кыргызстанда

  • 1944Фрунзе шаарында артиллеристтердин күнү өзгөчө салтанат менен белгиленген.
  • 1947 — Композитор Владимир Ференин «Кыргызстан» аттуу симфониясы Кыргыз филармониясында аткарылган.
  • 2007 — Кызыл китеп экинчи жолу басылып чыккан.

Дүйнөдө

  • 1703-жылы: Франциядагы Бастилия түрмөсүндө тарыхта “темир бет капчан адам” катары калган адам көз жумган.
  • 1711-жылы: Орус окумуштуусу Михаил Ломоносов жарык дүйнөгө келген.
  • 1770-жылы: Планетаны биринчи кыдырып чыккан орус жер кезүүчүсү, адмирал Иван Крузенштерн жарык дүйнөгө келген.
  • 1891-жылы: Биринчи жолу оюнчук темир жол Германияда сатылган.
  • 1909-жылы: Заманбап менеджмент теориясынын атасы эсептелген экономист Питер Друкер туулган.
  • 1917-жылы: Өкмөт башчылык кызматка чейин жеткен индиялык саясатчы айым Индира Ганди туулган.
  • 1942-жылы: Улуу Ата Мекендик согушта советтик аскерлер контрчабуулга өтүшкөн.
  • 1942-жылы: Америкалык модельер Кельвин Кляйн төрөлгөн.
  • 1942-жылы: Советтер Союзунун баатыры, атактуу 316-аткычтар дивизиясынын жетекчиси, генерал-майор Иван Панфилов каза болгон.
  • 1965-жылы: БУУ СССРдин демилгеси менен ядролук куралды жайылтпоо резолюциясын кабыл алган.
  • 1978-жылы: “Элдик храм” сектасынын мүчөлөрү массалык түрдө өз жанына кол салышып, Гайанада баш-аягы 911 киши каза болгон.
  • 1993-жылы: Унутулгус комедиялык тасмаларды жараткан советтик режиссёр Леонид Гайдай каза болгон.