Жастин Бибер

Жастин Бибер (англисче Justin Drew Bieber) - америкалык заманбап ырчы. Теги боюнча Канада өлкөсүнөн. Ал учурда жаш болсо да дүйнө жүзүндө кыйла атактуу. Ал көптөгөн сыйлыктардын ээси[1].

Жастин Бибер
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты:Жастин Бибер
Туулган жылы:1994-жылы 1-Март 1994-жыл
Туулган жери:Лондон, Онтарио, Канада
Өлкө:Канада
Ишмердүүлүгү:ырчы

Жастин Бибер 1994-жылы март (Жалган куран) айынын 1инде Канадада туулган. Ал Канаданын популярдуу ырчысы жана актёру.

Анын "Baby" деген ыры 2011-жылы Жалган куран айынын 23үндө он өлкөгө белгилүү болуп калган.

Кыскача өмүр таржымакалы

Жастин бир нече жыл мурда гана ыр аткарып чыга баштаган.[2]

Ал эки жашка толгондо эле музыкалык аспаптарга кызыгуусун билдирди.[3] Музыкадан тышкары ал хоккей, баскетбол, футбол жана гольф сыяктуу спорт түрлөрү менен алектенет.[4] Өз айтымында, Жастин ыр аткарууну капысынан баштады.[5] Ал атактуу ырчылардын ырларын кайталап аткарып, аны видео тасмага жаздырып, бул тасмаларын YouTubeга жайгаштырып келди. Көп узабай анын өзүнүн угармандары пайда болду.

Жастин Бибер Швейцариянын Цюрих шаарында "Жактырган кыз" ("Favorite Girl") ырын аткарууда. 2011-жылдын апрели.

Тийешелүү даректик шилтемелер

Айрым китептер

  • Bieber, Justin. First Step 2 Forever (100% Official). HarperCollins, 2010. ISBN 0062039741. P. 22, 23.

Интернеттеги шилтемелер